• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ысык-Атада күйөөсү аялын атып алды

27 Бештин айы 201818:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV.

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылында күйөөсү атып алган келин ооруканага жаткырылды. Ал өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 25-декабрда А.В. аттуу 35 жаштагы адам достору менен спирт ичимдигин ичип отуруп, куралдан ок чыгарган. Натыйжада ок аялынын көкүрөгүнө тийген.

— Учурда ок кандай куралдан атылганы такталып жатат. Кылмышка шектүү убактылуу тергөө абагына камалып, экспертиза дайындалды.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө. 

Количество просмотров: 27