• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ысык-Көл облусунда балдардын бирдиктүү базасы түзүлөт

25 Бештин айы 201818:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунда мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын маалыматын камтыган бирдиктүү база түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.

Бул штабдын негизги максаты жаш балдарга каршы жасалган зордук-зомбулуктун кесепетин жоюу жана үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык абалды оңдоо болуп эсептелет.

— Акыркы убакта балдарга каршы зордук-зомбулук көп катталууда. Акыркы эки айдын эле ичинде суицид фактылары катталды. Жакында эле Жети-Өгүз айылынан бир жарым жашар наристе зомбулуктун кесепетинен чарчап калды. Бул иш бизде буга чейин жетишсиз болуп келгенин жогоруудагы факт далилдеди, — деди Усенова.

Мындан сырткары, бирдиктүү базага мигранттардын жана өзгөчө диний көз караштагы үй-бүлөлөрдүн балдары тууралуу маалымат киргизилип, бул боюнча кеңири талдоо жүргүзүлүп, алардын баары паспортизациядан өткөрүлөт. Ата-энелери миграцияда жүргөн мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар кандай үй-бүлөдө тарбияланып жаткандыгы, андай үй-бүлөлөрдүн ички психологиялык абалы каралат. Элмира Усенова бул маселе боюнча ай сайын текшерүүлөр жүргүзүлүп, алар бирдиктүү базага киргизилип турарын билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 20