• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көл обочолонот. Аймакка кирип- чыгуу маселесин жергиликтүү калк көтөрдү

8 Теке 2020 19:18 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясы өтөт. Мындай сунуш бүгүн, 8-июлда, активисттер, жергиликтүү медицина мекемелеринин жетекчилери жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда колдоо тапты.

Жолугушууда учурдагы кырдаал талкууланып,  Ысык-Көл облусунун кирип чыгуу шарттарын өзгөртүү, облус аймагына кире турган жолду жабуу боюнча пикирлер айтылды, бирок мындай кадамдар мыйзамсыз экендиги баса белгиленди. Жыйындын акырында, обочолонуу акциясын өткөрүү боюнча сунуш айтылып колдоого алынды.

Обочолонуунун негизги максаты коронавирус илдетин жаайылышына бөгөт коюлуп жана аймактагы абалдын турукталышына багыт алат. Жергиликтүү тургундар башка регионго, районго жана айылдарга чыкпай, башка аймактардан келген жергиликтүү тургундарды каттоого алып, аларды үй карантинине алуу болуп эсептелет.

Мындай акцияны жалпы облус аймагына киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге сунушталды.

Туристтерди кабыл алуу шарттары 1- июнда кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, райондун акими Данир Иманалиев, Ысык-Көл районунун прокурору Улукбек Узакбаев райондук санэпидемкөзөмөл кызматынын, оорукананын, үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилери, райондун айрым айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер катышкан.

Количество просмотров: 722