• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кыз асынып каза болуп, эртеси жигити өзүн атып өлтүрдү

2 Бештин айы 2018 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.12.2018.Govori.TV.

Ысык-Көл облусундагы (болжолдуу Каракол шаарында) турак үйдөн 29-ноябрда жаш кыздын асылып турган жансыз денеси табылган. Анын өздүгү такталып, Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде 1999-жылы төрөлгөнү аныкталган болчу. Кийинчерээк маалым болгондой, ал Караколдогу медициналык колледждин дарылоо факультетинде 2-курста билим алып жаткан.
Азырынча анын өз өмүрүнө кол салуусуна байланыштуу маалыматтар белгисиз. Маркум кыз бүгүн, 1-декабрда айылында акыркы сапарга узатылды.
Анын эртеси, тактап айтканда 30-ноябрда ЖАМКтын Коргоо жана конвоирлөө департаментинде аскердик милдетин өтөп жүргөн жигиттин жансыз денеси табылган. Окуя Беловодск айылындагы түзөтүү абагында болду.
Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, маркум өзүнө ок атып көз жумган. Жигиттин акыркы катындагы маалыматтардын негизинде сүйлөшкөн кызы айылында асынып көз жумгандан кийин мындай кадамга барганы болжолдонууда.
Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирген маалымат боюнча, 29-ноябрда каза болгон кыз менен 30-ноябрда көз жумган жигит кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Экөө айылдаш болушат. Учурда бул окуяларга байланыштуу тактоо, териштирүү иштерин тиешелүү органдардын өкүлдөрү жүргүзүп жатышат.

Количество просмотров: 43