• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 2 жигит сууга чөгүп каза болду

4 Теке 201911:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун тескейиндеги «Аалам Ордо» комплексинин аймагынан 2 жаран көлгө чөгүп каза болду. Бул маалыматты ӨКМ тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июль күнү, саат 13:00 чамасында катталган.Ал эми кырсык болгон жерге Бөкөнбаев айылынын №38 куткаруу кызматынан суучулдар барганда, эки жигиттин сөөгүн толкун жээкке сүрүп чыгарып салган. Сууга чөккөндөрдүн өздүгү аныкталып алар Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну, экинчиси, Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылынын 1998-жылы туулган тургуну экени белгилүү болгон. Алар Кажы-Сай айылына курулушка иштегени келишип, эл барбаган жерге сууга түшүп жаткан маалда бири көлгө чөгүп кеткен. Ал эми экинчиси куткарууга барып кошо чөккөндүгү аныкталган.

Теги:
Количество просмотров: 22