• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган жаран таш бараңга алынды

11 Жалган куран 2020 14:31 Бишкек Govori.TV

7-мартта Ысык-Көл облусунун Кашат айылынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган, анда аял 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет болгону тууралуу айткан.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада Ысык-Көл районунда Кашат айылынын жашоочусу 2008-жылы туулган кызын зордуктоого аракет кылган 51 жаштагы коңшусун кармап калган. Жергиликтүү жашоочулар дароо чогулуп, шектүүнү бакка таңып, ташбараңга ала башташкан учурда айыл аксакалдары келип жаштарды токтотуп, милицияга билдиришкен.

Милициянын маалыматында, окуя 5-март күнү болжол менен саат 14.00дө болгон. Кошунасы мас абалында келип, үй ээсинин 12 жаштагы кызын чечинтип, зордуктоого аракет кылып жаткан учурда, кыздын атасы үйүнө кирип калган. Жабыркаган кыз 4-класста окуйт.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 223