• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө Акылбек Жапаровдун катышуусунда 4 объектинин онлайн ачылышы болду

14 Тогуздун айы 202413:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн республика боюнча онлайн режимде 45 объект ачылып, анын ичинен Ысык-Көл облусунда 4 объектинин ачылышы болду.

Бул объекттер аймактын инфраструктурасын жакшыртып, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Ысык-Көл облусунда төмөнкү объекттер ачылды:

“Лихт ГЭС”— Ак-Суу дарыясына курулган чакан ГЭС 2,4 мВт кубаттуулукка ээ болуп, жылына 16 млн. кВт/с электр энергиясын өндүрөт жана Теплоключенка айылын кошумча энергия менен камсыздайт. Долбоордун жалпы суммасы 3,5 млн .АКШ долларын түзөт.

Перлит өндүрүүчү чакан завод— Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан. Жеке ишкер тарабынан ишке ашырылган долбоордун жалпы көлөмү 22 млн. сомду түзүп, анын 6 млн. сому Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан каржыланган. Заводдо 20-30 жумуш орду түзүлөт.

Балыкчы шаарынын саркынды сууларды тазалоочу жайы— Азия Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылган долбоор. Жаңы курулуш 80 000 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпы каржылоо суммасы — 9,48 млн. АКШ доллары.

Түп райондук жалпы дарыгердик борбору— Түп районунда 60 орундуу заманбап оорукана ачылды. Бул объектте хирургия, төрөт, реанимация бөлүмдөрү жана балдар бөлүмү жайгашкан. Бул долбоорго республикалык бюджеттен 88 млн. сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 102