• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 5 киши каза болду

17 Баш оона 202114:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан 5 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымыда (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу кичи автобус менен Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан. Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон. Анын ичинен 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял), 10 адам жабыркады. Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда.

Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 721