• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан экотехинспекциянын жергиликтүү жетекчиси каза болду

21 Үчтүн айы 201914:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.Tv.

Милициянын алдын-ала берген маалыматы боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 44 жаштагы киши каза болгонун ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгы 20-январда Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 27-чакырымында Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда саат 20:15те болгон.

«Алдын-ала маалымат боюнча Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, ала салып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерде каза болгон», — деп милициядан маалымдашты.

Ал эми Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын маалымат кызматы каза болгон жаран мекеменин Каракол шаары жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Абдрахманов экенин тастыктады.

Теги:
Количество просмотров: 22