• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө илбирс эчкини өлтүрүп, малчыларга кол салууга аракет кылды

23 Үчтүн айы 201916:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Караколка өрөөнүндө малчыларга илбирс кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 6-январында Караколка сырт өрөөнүндө болгон.

«Малчылар мал жайып жүргөндө илбирс алыстан койлорду качырып, бир эчкини жыгып алган. Алар алгач илбирс экенин билишкен эмес. Ошол маалда ат менен чаптырып барган малчы эчкини жеп жаткан илбирсти көрүп, экинчи чабанды чакырган. Бул учурда илбирс качпастан кайра чабандарга кол салууга аракет кылган. Мындан улам малчылар өздөрүн жана малды сактап калуу аракетин көрүшкөн. Көлөмү чоң, куйругу узун илбирсти алар биринчи ирет жанынан көрүп, таң калышты.

Илбирс негизинен аска-зоолордо, алыс жактарда жүрүшөт. Алардын төмөн түшкөндүгү илбирстердин көбөйгөнүнөн кабар берет», — деп билдиришти аталган коруктан.

Караколка өрөөнү Жети-Өгүз районунун борборунан 150 чакырым алыста жайгашкан. Ал жакта 11 үй-бүлө жашап, мал асырашат. Бул өрөөндүн ар кайсыл аймактарында 30дай малчы бар.

Булак: turmush.kg

Теги:
Количество просмотров: 25