Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.
Ысык-Көлдө дайынсыз жоголуп кетип, аман-эсен табылган Казакстандын жараны М.Аркадий милициянын кызматкерлерине окуянын чоо-жайын айтып берди.
Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 17-июлда Ысык-Көл ОИИБге 14-июлдан бери изделип, кийин аман-эсен табылган Казакстандын жараны М.Аркадий чакырылды.
Өзүнүн көрсөтмөсүндө, ал: «Скутердин бензини түгөнүп калып, эки сутка калкып жүрдүм. Эки түн скутерде түнөдүм, андан кийин дүйшөмбүгө караган түнү катуу шамал болуп, скутер чөгүп кетти. Мен тескей жээкке чейин сүзүп бардым. Андан соң жолдогу унааларды кармап, «Алтын-Көл» пансионатына келдим», — деп билдирген.
«Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан анын көрсөтмөсү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, чыгым келтирилген скутердин ээсинин арызы дагы эске алынмакчы. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи», — деп айтылат ОИИБдин маалыматында.