• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти

5 Чын куран 2022 9:42 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4-апрель күнү саат 12:50 чамасында Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынан Шакирт-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда «Гольф-2» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккан.

Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүк тартылып, саат 13:03дө чектөөгө алып, 13:13дө толук өчүрүлгөн.

Өрттөн жеңил унаа толук күйүп кеткен, жабыркагандар жок.

Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдардын кыска чыңалуусунан чыккан.

Количество просмотров: 84