• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө жоголгон Асрандиев өзүнүн куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди

4 Аяк оона 2019 12:02 Бишкек Govori.TV

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдө сүзүү маалында куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат катчысы Бегимай Азимжанова билдирди. Анын айтымында, Асрандиев өзү куткаруу боюнча операцияга катышкан, колдогондорго ыраазычылык билдирди. Операцияга 17 куткаруу тартылып, атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик органдары 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон.

«Операцияга кеткен бардык чыгымдар төлөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар дайым кыла жүргөн иши катары кеткен чыгымды калыбына келтирүүдөн баш тартты. Эркин Шамшудинович аларга суучулдар кие турган атайын кийим белек кылды”-деп жазды Азимжанова фейсбуктагы баракчасына.

31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышкан. Сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Аны издөө боюнча операцияны премьер-министр Мухеммадкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алган. Караңгыга калып, суу үстүндө 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев 1-сентябрга караган түнү, саат экилерге жакын Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган. Ал эми Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемеловду куткаруучулар түнкү саат 12ге чукул, көлдүн ортосунан табышкан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 97