• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 1 кыз каза болду

26 Теке 202111:01 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында Балыкчы – Ананьева – Каракол унаа жолунун 32-чакырымында «Тойота-Раф4» жана «Тойота-Ярис» унааларды сүзүштү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Жол ырсыгынан жабыркагандардын өздүгү такталууда. Окуя болгон жерге Ысык-Көл районунан өзгөчө кырдаалдар бөлүмунөн 3 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам унаасына, каза болгондун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 7130