Бир күндө өз жанын кыюуга аракет кылган эки адам куткарылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Сакалды айылынын 44 жаштагы эркек тургуну насостук станциянын башына чыгып, жанын кыюуга аракеттенген.
Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май районунда көп кабат үйлөрдүн биринин тургуну 5-кабаттын терезесине чыгып, жанын кыюуга аракет кылган. Анын аты-жөнү жана жаш курагы такталууда.
Окуя болгон жерлерге куткаруучулар жетип барып, кооптуу кырдаалды жөнгө салышкан. Куткарылган эки адамды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.