• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өзүн арык сезген Жолдошбаев костюмуна батпаган аткаминээрди зекиди

7 Жалган куран 2019 13:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.03.2019. Govori.TV.

Ирригация иши боюнча тапшырмалар берилген, бирок аткарылган жок. Мындай оюн ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

» Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине сын-пикирлер көп айтылып жатат. Кээ бирлери алмабызды сата албай жатабыз дешсе, айрымдар картошкабызды саттык деп айтышат. Министрлик бул боюнча иш алып барып жатат. Артыңызда «костюмуна батпаган» орун басарыңыз Жаныбек Керималиев отурат. Ага ирригация иши боюнча тапшырмалар берилген, бирок аткарылган жок», — деди депутат.

Теги:
Количество просмотров: 12