• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзүнө өрт коем деген 10 чакты аял имараттан чыкты

15 Чын куран 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Чүйдүн Пригородный айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында насыянын үстөгүн төлөй албай, өздөрүнө өрт коебуз деген 10 чакты аял акыры имараттан чыкты.

«Эне-Мекен» коомунун төрайымы Гүлшах Исакова өкмөт башчы Улукбек Марипов ушул ишемби күнү насыя төлөй албаган аялдардын талабын угам дегенинен улам алар имараттан чыгышканын айтты.

«Биз буга чейин Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөргөнбүз, эч ким көңүл бурган жок. Пандемия учурунда жумушсуздук күчөп, ошонун айынан эл насыяларын төлөй албай кыйналып жатат. Банктардын насыя боюнча пайызын төмөндөтүү же болбосо такыр жоюп салуу талабы коюп жатабыз. Маселе чечилбесе, мындан башка дагы кадамдарга барабыз»,-деди ал.

Ошондой эле ал акцияны «Эне-Мекен» уюму уюштуруп жатканын, ага республиканын бардык аймактарында насыясын төлөй албай жүргөн аялдар мүчө экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 183