Гульчехра Оморованы жумуштан кетирүү сунушун Соттордун тандоо кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия берген. Себеби ал иш бөлмөсүндө арыздануучу менен бир саат сүйлөшүп отурган экен. Мындай маалыматты сотторду тандоо кеңешине Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова жиберген.
Гүлчехра Оморова арыздануучу Нарын облусунун мурдагы прокурор капыстан эле иш бөлмөсүнө кирип келгенин, кууп чыгууга дити барбаганын айтат.
Кийинчерээк Гүлчехра Оморова арыздануучунун талабын аткарып, аны кайра жумушка орноштуруу жана айлыгын төлөп берүүнү милдеттендирген чечим чыгарган. Бирок шаардык сот бул чечимди жокко чыгарган.