• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Заворотнюктун диагнозу тууралуу дарыгер кенен маалымат берди

19 Аяк оона 2019 10:56 Бишкек Govori.TV

Россия илимдер академиясынын академиги, Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордун илимий жетекчиси жана ардактуу президенти Александр Коновалов актриса Анастасия Заворотнюктун диагнозу анын институтунда коюлганын «Москва 24» телеканалында маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Бирок бейтапты Германияда дарылатуу чечими кабыл алынган.

«Биз диагноз коюп бергенден кийин Заворотнюк Германиядан операция жасатууну эп көрдү. Операция ийгиликтүү жасалыптыр, бирок муну менен баары бүтүп калбайт. Кошумча дарылануулар керек болот. Тагыраагы, нур терапиясы, химиотерапия жана дары-дармектерди алуу зарыл. Бул жөнөкөй препараттар эмес, шишикти убактылуу эле жоготот, бирок кымбат турат», — деген Коновалов.

Ал ошондой эле глиобластома айыкпас шишиктерге кире турган кооптуу дарттардын бири экендигин кошумчалаган.

Августтун башында ЖМКлар Заворотнюк олуттуу илдетке чалдыкканын жазып башташкан. Продюсер Андрей Разин актрисага «залалдуу мээ шишигинин акыркы стадиясы» диагнозу коюлганын билдирген. Актрисанын өкүлдөрү бул боюнча үн ката элек.

Өткөн жумада ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы кабарланган. Кечээ, 18-сентябрда, өзү дем алып калганы айтылган. Анткен менен продюсер Разин актрисанын ден соолугу, тескерисинче, начарлап бара жатканын билдирген.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 755