• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өзбекстан күйүүчү майды 20%га үнөмдөгөн жаңы учак алды

13 Жалган куран 20199:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.03.2019. Govori.TV

Өзбекстан улуттук авиакомпаниясынын паркы Wi-Fi менен жабдылган Airbus компаниясынын A320neo үлгүсүндөгү учагын сатып алды.

Гамбургдан келген жаңы учак 150 жүргүнчүгө ылайыкташкан. A320neo башка учактардан айырмаланып, күйүүчү майды 20% үнөмдөөгө жана 5000 чакырым алыстыкка уча алат.

Uzbekistan Airways кабарлагандай, Airbus компаниясынан эки учак сатып алуу боюнча келишимге 2017-жылы кол коюлган. Экинчи учак апрель айында келет. 2020-жылы октябрь-ноябрь айларында A320 үлгүсүндөгү үчүнчү учак жеткирилет.

Мындан тышкары Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү эки авиалайнерди сатып алуу пландалууда.

2018-жылы 24-декабрда Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясына таандык, баасы 200 миллион доллар турган Boeing 787-8 Dreamliner учагы жарактан чыккан.

Теги:
Количество просмотров: 20