• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстандын президенти УУКнын ишмердүүлүгүн 37-жылдагы репрессияларга салыштырды

19 Бирдин айы 2018 12:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.02.2018. Govori.TV.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-февралда Бухара облусунун активисттери менен болгон жолугушуусу маалында кайрадан Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүн сынга алды. Мамлекет башчынын айтымында, УККнын аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери көптөгөн мыйзамсыз иштерди жасап, күнөөсүз ишкерлерди камаган. Азаттык билдирет.

Шавкат Мирзиёев кызматкерлердин «өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашкан» аракеттеринен улам Бухара облусунда көптөгөн нааразылыктар жаралганын билдирди.

«…Бизде Улуттук коопсуздук кызматы деп аталган мекеме бар. Бир гана мекемеге мынчалык ыйгарым укук берүү — бул мамлекетке карата жасалган чыныгы чыккынчылык. Ошондуктан Бухара облусунда нааразылыктар күчөгөн. Мага нааразы болгон көп жарандар кат жазышты», – деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, анда Бухара облусундагы атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан жасалган кылмыштардын тиешелүү далилдери бар.

«Менде кыйноо учурлары тартылган сүрөттөр дагы бар. Бул мыйзамсыз иштерге барган тергөөчүлөрдүн аты-жөнүн да билем. Кудай кааласа аларды сыналгыдан көрөсүңөр. Мен мунун баарын алар өз баштарынан өткөрүшүн каалайм. Эмнеге? Анткени адилеттүүлүк болушу керек. Керек болсо алар 20 жылга түрмөгө камалат», – деди президент.

Атайын кызмат өкүлдөрүнүн ишин сынга алган Мирзиёев УККнын ишмердүүлүгүн өткөн кылымдын 37-жылдарындагы репрессияларга салыштырды.

Количество просмотров: 32