• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы берилди

22 Аяк оона 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, унаалар Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин жана Африка менен Азиянын Өнүгүүгө Жардам берүү фондунун активдүү жардамы менен, Корей Руспубликасынын Сеул Өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында берилген.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Корея тарабынан берилген жардамын жогору баалап, бул жардам Кыргызстан менен Корея элдеринин ортосундагы достук мамилелеринин далили экендигине ишенимин билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, аталган документтин алкагында ушул жылдын аягына чейин 2 өрт өчүрүүчү унаа алынып келүүсү пландалууда.

Количество просмотров: 39