Өзгөндө үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү
Өзгөндө үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү
24 Аяк оона 2018 11:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Өзгөн шаарында үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү.Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 2018-жылдын 23-сентябры күнү саат 11:42 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Үй тиричилик техникалары” дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 бөлүм, тартылып, өрт саат 13:11де чектөөгө алынып, 14:00дө толугу менен өчүрүлгөн.