• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

30 Жетинин айы 2020 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына болжол менен саат 09:30 чамасында Понфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен 2000-жылы туулган Д. Д. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

«Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүу катары “Лексус-GS300” үлгүсүндөгү авто унаанын М.С. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Нет описания.
Количество просмотров: 132