• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы Конституцияда ЖМКлар эмнени чагылдырууга болбойт?

18 Жетинин айы 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга жана каада-салтка каршы келген коомдук иш-чараларды уюштурууга жана ЖМКлар аркылуу жайылтууга тыюу салынат.

Конституциянын жаңы редакциясынын 23-беренесинде төмөндөгүлөр айтылат.

1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ал эми социалдык түйүндүн колдонуучулары бул берене Кыргызстанда цензурага тыюу салынганына карабастан айрым ЖМКларды ооздуктоого шарт түзүп калышы мүмкүн деп чочулоодо.

Теги:
Количество просмотров: 88