• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жаңы Кылмыш кодексинде кылмыш ишин козгоо түшүнүгү жок

16 Үчтүн айы 2019 14:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.

Жаңы кылмыш-процессуалдык кодексине жараша эми кылмыш иштери козголбойт. Бул тууралуу ыкчам-издөө ишмердиги жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Нурлан Качыгулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтуусунда, жаңы кылмыш кодексинде – сотко чейинки өндүрүш деген түшүнүк пайда болгон. Ал кылмышты “Бирдиктүү кылмыш жана майда кылмыштар реестринде” арызды каттоодон тартып башталат.

Буга чейин тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп келген. Анын жүрүшүндө күбөлөрдөн, жабырлануучудан, айыпталуучудан түшүнүк кат алуу, андан кийин баардык материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголчу.

“Тергөөнүн жүрүшүндө бул адамдардан кайрадан сурак алынып, кийин сотто алардан дагы бир жолу сурак алынчу. Ал эми азыр ошол ишке катышып жаткандардан сурак алуу деген түшүнүк жок, соттук териштирүү башталганда гана сурак алынат”, — дейт ал.

Андан тышкары жаңы кодексте күнөөнү моюнуна алуу тууралуу процессуалдык келишим, кызматташуу тууралуу келишим жана тараптарды жараштыруу тууралуу процессуалдык келишим деген түшүнүктөр бар.

Количество просмотров: 39