• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жаңы окуу жылы кандай башталат? Расмий жооп

10 Баш оона 2021 14:38 Бишкек Govori.TV

Мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштайт. Бул тууралуу 10-августта Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдиргенин “Азаттык” жазды.

Маалыматка караганда, кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн ушундай чечим кабыл алынып жатат.

“Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алды”,-деп билдирген ал.

Абдылдаева окуучулардан милдетүү мектеп формасын кийип келүү талап кылынбай турганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 1083