• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы шайлоону жаңы БШК өткөрөт

1 Теке 2021 19:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамына сунушталып жаткан талапкерлерди эч бир суроо-сунушсуз, кош колдоп, 101 добуш менен бекитип берди.

  • Нуржан Шайлдабекова – БШКнын мурунуку төрайымы.
  • Марс Наспеков — «Кыргызпочтасынын» мурунку директору.
  • Анар Дубанбаева  — юрист, «Мекенчил» партиясынын мүчөсү.
  • Нурлан Койчукеев  — адвокат, «Мекенчил» партиясынын мүчөсү.
  • Акбалык  Жумалиева  — Жеке ишкер.
  • Айдана Жупуева  — ЖКнын вице-спикеринин мурунку  консультанты.
  • Узарбек Жылкыбаев —  КСДП партиясынан, экс-депутат жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку өкүлү.
  • Кайрат Маматов — «Республика — Ата Журт» партиясынан, Бишкек АШК төрагасы.
  • Акылбек Эшимов —  «Кыргызстан» партиясынан,  БШКнын мурунку мүчөсү.
  • Тынчтык Шайназаров  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан,  БШКнын учурдагы мүчөсү.
  • Абдыжапар Бекматов —  «Бир Бол» партиясынан, БШКнын төрагасынын мурунку орун басары
  • Искендер Гаипкулов — «Ата Мекен» партиясынан,  Эсеп палатасынын экс-төрагасы.

28-июнда президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койду. Ага ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт.

6-чакырылыш БШКнын учурдагы курамын 2016-жылдын июнь айында 5 жылдык мөөнөткө шайлаган.

Мыйзамга ылайык, эгерде БШКнын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү президентти, ЖК депутаттарын же Референдумдагы шайлоо өнөктүгүнө туш келип калса, анда курамды жаңылоо өнөктүк аяктаганга чейин жылат. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда мөөнөттү узартууга мыйзам жол бербейт.

БШКнын курамына буга чейин бир катар сын кептер көп айтылган маалым. Ал эми коомчулукта жаңы курам түзүү демилгеси кайшылаш пикирлер менен коштолду.

 Депутат Дастан Бекешев БШКнын курамын жаңы парламент көрсөтүп, дайындашы керек деген пикирде.

Бирок баардык эле эл өкүлдөрү андай пикирде эмес. Айрымдардын айтымында мөөнөтү бүткөн соң таратып, жаңы түзүм менен андан аркы кадамдарды кылуу керек.

Ал арада коомчулукта БШКнын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча да суроолор жаралды. БШКнын мурунку мүчөсү Атыр Абдрахматова президент деле Жогорку Кеңеш деле жаңы жаш талапкерлерди сунуштай алышкан жок дейт.

Ал эми саясат талдоочу  Бакытбек Жумагулов БШКнын ишмердүүлүгүндө тажырыйбалуулук маанилүү экенин белгилеп, бирок, азыркы жаңы түзүм куруу аракеттеринде ачыктык камсыздалбай калганы кемчилик болду деген ойдо.

Белгилей кетсек Шайлдабекова башында турган БШК өлкөдөгү бир нече шайлоону өткөрдү. Жана бул түзүмгө карата коомчулукта сындар да көп болду десек болот .  Алсак 2017 жылдагы президенттик шайлоодо БШК талапкерлерге бирдей шарт түзгөн жок деп айыпталса,  акыркы парламенттик шайлоо тууралуу ооз ачпай койсо деле белгилүү.

Акыркы өткөн парламенттик шайлоодон соң орун алган башаламандык өлкө бийлигин толугу менен алмаштырып, баардык бийлик органдарынын легитимдүүлүгү суроо жаратты. Жаралган жагдайда жалгыз БШК мыйзамдуу орган катары парламенттик шайлоону жокко чыгарып, жаңы кайталап шайлоо дайындоо аракетин кылды. Деген менен  Боршайком толугу менен бузулган шайлоо үчүн мыйзамсыз аракеттер болгонуна карабай жоопкерчилик алган жок.

Бирок, жаңы абактан чыгып өлкө башчылыгын колго алган Садыр Жапаров БШКнын бул аракетин айрым саясатчылардын оюну катары баалап, шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды.

Олжолуу орун болгондуктан көпчүлутүн БШКга мүчө болуу мүдөөсүн жогору. Айта кетсек дал ушу комиссияга мүчөлүккө  талапкер сунуштоо парламенттеги  Ата Мекен фракциясында чыккан чырга себеп болду.

Көптөгөн талкуулар, сын-кептер, пикир келишпестиктер менен коштолуп дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясыалдыда өлкө үчүн маанилүү болгон парламенттик кайра шайлоону өткөрүүсү керек. Ал эми коомчулукта легитимсиз делген парламент түзгөн борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамдуулугу келечекте талкуу жаратып калбайбы деген чочулоолор да жок эмес.

Количество просмотров: 313