• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жаңы түзүлгөн Координациялык кеңеш депутаттарды бүгүн чогултат

7 Тогуздун айы 202019:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-октябрда өкмөт үйүндө жаңы убактылуу премьер-министрди шайлоо боюнча жыйын өттү. Ага «Чоң Казат», «Ата Мекен», «Замандаш» «Ыйман Нуру», «Ордо» партиясынын өкүлдөрдү катышты.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чегинде премьер-министрди шайлап бериши керек экенин айтылып, Жанар Акаев депутаттарды кайра чогултуп жатканын билдирди.

Акаевдин айтымында, Садыр Жапаров да талапкерлигин коё алат.

«Кечээ, 6-октябрда «Достук мейманканасында болгону жыйырмадан ашуун гана депутат чогулган. Биз Мыктыбек Абдылдаевди спикерликке кайра шайлашыбыз керек, себеби тажрыйбалуу аксакалдар болуусу зарыл. Бул жактан өкмөт башчылыкка үч-төрт кандидат чыгаралы. Көпчүлүгү Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдоп жатышат. Мага парламент менен жолугуп, чогултууга уруксат бергиле. Садыр Жапаровду дагы эч ким премьер-министр болбосун деген жери жок, соттон акталыптыр. Талапкерлигин койсун»,-деди Акаев.

Бирок депутаттар каякта чогула турганы алардын коопсуздугу үчүн айтылган жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда экинчи Координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына “Чоң Казат”, “Ордо” “Мекен ынтымагы” жана “Реформа”, “Ыйман нуру” партияларынын мүчөлөрү кирген.

Количество просмотров: 71