• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Координациялык кеңеш кызмат бөлүштүрбөйт

6 Тогуздун айы 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда, саат 13:30да Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн маалымат жыйыны өтүп жатат.

Анда саясатчы Адахан Мадумаров жаңы түзүлгөн саясий координациялык кеңеш кызмат бөлүштүрүү менен алектенбей турганын айтты.

«Учурда ар ким өзү барып кызматка отуруу жана кызмат ээлеп алуу сыяктуу көрүнүштөрдүн баары мыйзам талаасында чечилиши керек»,-деди ал.

Белгилей кетсек, саясий координациялык кеңешке «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол», «Республика», «Замандаш», «Ата-Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар» партиялары кирди. Анын жетекчилигине Адахан Мадумаров шайланды.

Количество просмотров: 140