• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жаңы вирус үчүн Кытайда 6 күндө оорукана курулат

24 Үчтүн айы 2020 16:59 Бишкек Govori.TV

Кытайдын Ухань шаарында бүгүндөн баштап, коронавируска кабылгандарга оорукана курула баштады. Бул тууралуу РИА НОВОСТИ жазды.

Маалыматка ылайык, аталган ооруканага вирусту жугузуп алган бейтаптар жаткырылып, дарыланат. Айрым маалымат булактарында белгиленгендей оорукананын курулушу 6 күндө бүтүп, 2-февралда оорукана эксплуатацияга берилүүгө тийиш.

Учурда курулуш аянтын ондогон экскаваторлор казып жатышат. Жаңы салына турган бейтапкананын жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзүп, ага бир эле учурда 1 миңге чейин оорулуулар жаткырылат.

Оорукананын модели Пекиндеги «Сяотаншань» бейтапканасына окшош болот. Пекиндеги бул оорукана 2003-жылы апрель айында SARS (атиптүү пневмония) эпидемиясы күч алган кезде 7 күндө курулган.Вирус Кытайдан тышкары Японияда, Түштүк Кореяда, АКШда, Вьетнамда, Сингапурда жана Таиландда катталганы айтылды.

24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, аталган илдетке кабылгандардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткен.

Количество просмотров: 3073