• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жаңы жыл түнү Бишкекте бир баланын бетинин тушуна жардыргыч жарылды

1 Үчтүн айы 201915:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.01.2019.Govori.TV.

Жаңы жыл түнү Бишкекте “Тез жардам” кызматына 333 киши кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчылыгы билдирди.

Алардын ичинен Ала-Тоо аянтынан 12 жолу телефондон билдирүү келип түшкөн. Бир киши жүрөгү ооруп ооруканага жеткирилген, «анын абалы жакшы» деп айтышты. Бир баланын бетинин тушуна жардыргыч жарылган. Анын жаракаты жеңил эле болгондуктан жеринен эле жардам көрсөтүлгөн.

Андан тышкары, жол кырсыгында жабыркаган үч киши ооруканага жаткырылды. 

Мындан сырткары Бишкек шаары боюнча төрт киши каза тапкан.

Теги:
Количество просмотров: 18