• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Жакшылар бул жашоодон чарчагандай». Мадумаров Рахман Разыковду эскерип, көзүнө жаш алды

8 Кулжа 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Адахан Мадумаров куудул Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнатында аны эскерип, көзүнө жаш алды.

«Өзү биз жоготуу деген сөзгө көнүп калдык. Бирок, жоготуу деген сөздүн дагы баркы кетип, каада-салтты жоготтук, нарк-насилди, достукту, адилеттикти, калыстыкты жоготтук, эми жоготпогон не калды? Эң оор жоготуулардын бири адамдын жоголуусу. Бир гана инсан жоголгон жок, кыргыз маданиятындагы сатира жаатындагы алп инсан жоголду. Куудул деп көп айтышат эле, куудул эмес бул киши сатирик, бул киши акын. Сатиралар элди күлдүрүш үчүн эмес, элди ойготуш үчүн.

Мен кабарды угуп негедир кулагыма төрт сап ыр куюлуп кетти, «жакшылар бул жашоодон тажагандай» деген. Чарчайт, чарчатып бүттү, эмнеден чарчайт? Улам-улам чыгармаларына бут тосуулар менен чарчайт, улам-улам концерттерин коеюн десе театрды, имараттарды бербей коюп чарчатат, улам-улам бир душман таап алгандай болуп УКМКга чакырып алып, суракка алып анда чарчатат», — деди Мадумаров.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнга караган түнү коронавирустан кайтыш болду. Жакындарынын билдиришинче, ал вирус жугузуп алгандан кийин пневмония менен ооруп, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан. 

Количество просмотров: 1528