• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жакында пенсияны төлөө боюнча коркунуч бар. Салык кызматынын жообу

27 Аяк оона 2019 19:28 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги КР Социалдык фондунун жетекчилигинин камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча артта калуунун кесепетинен келерки жылдын январь-февраль айларында пенсияны төлөө боюнча коркунуч бар экендиги тууралуу бир нече жолу айткан сөзүнө карата төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жеткирилген пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу үчүн бардык зарыл болгон таасирдүү чараларды көрүүдө. Ар бир субъект боюнча конкреттүү аналитикалык иштер жүргүзүлүп жатат.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында 1,5 млрд сом суммасында кем жыйналгандыгы тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын билдирүүсү боюнча тактай кетсек, Салык кызматынын комплекстүү иштөөсүнүн натыйжасында 8 айдын жыйынтыгында 20,3 млрд сом чогулуп, 6 айдагы жыйналбай калган сумма азайтылып, ал 800 млн сомду түзгөн.

Сентябрь айынын жыйынтыгы менен планды 80 млн сомго ашыкча аткаруу күтүлүүдө. Ал эми үстүбүздөгү жылдын акыркы 3 айынын ичинде биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча артта калууларды эске алуу менен 10,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо зарыл.

Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматы 33 млрд 144,5 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек.

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча алынган темптерди эске алуу менен бул белгиленген план ишке ашырыларын ишенимдүү түрдө ырастайт.

Ведомство жер-жерлерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммаларын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Натыйжа катары алганда, берилген камсыздандыруу полистеринин санынын көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу 2 эседен ашык көбөйдү.

Ошондой эле, Салык кызматы ушул жылдын 15-январынан тарта социалдык фонддун жаңы функциясы берилгенден кийинки камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууга байланышкан көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Мисалга алсак, салык органдарында 2019-жылдын 1-январына карата төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын калдыгы туурасында толук жана так маалыматтар, анын ичинде өткөн мезгил үчүн чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр болгон эмес. Жүргүзүлгөн алдын ала талдоолор боюнча 70 миңден ашык төлөөчү 2,9 млрд сомго камсыздандыруу карызы бар, алар боюнча Салык кызматы тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, функциялар 15-январда өткөрүлүп берилсе, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөтү ар бир айдын 15ине чейин келип жеткендиктен, Салык кызматына функциялар расмий түрдө берилгенге чейин Соцфонддун бюджетине канча камсыздандыруу төгүмдөрү түшкөндүгү туурасында салык кызматы маалыматка ээ эмес. Январь айында 380 млн сом кем жыйналган.

Азыркы учурда Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруунун заманбап жана натыйжалуу технологияларын, ыкмаларын колдонууга мүмкүндүк бере турган бир катар ченемдик-укуктук актыларды демилгеледи.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча иштер функционалдык милдеттерине кире турган кызматкерлерди кабыл алуу боюнча конкурстар аяктоодо. Штаттар толукталгандан кийин Салык кызматы бул функцияны натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк алат.

Белгилей кетсек, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Салык кызматына өткөрүү мезгилдин талабы жана зарылдыгы болуп эсептелет. Биринчи кезекте бул бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт, анткени юридикалык жана жеке жактарга административдик жүк азаюуда.

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча – эки отчетту бир мамлекеттик органга берүү, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алуу салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болуп калды, бул мындай жол-жоболорго кеткен убакытты  бир топ үнөмдөйт.

Ошондуктан, эки мамлекеттик орган өкмөттүк милдеттерди кынтыксыз аткаруу максатында, ошондой эле жарандардын кызыкчылыгы үчүн, керексиз тоскоолдуктарды жаратпастан жана коомду алдын ала дүрбөлөңгө салбастан, камсыздандыруу төгүмдөрүн натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүсү зарыл.

Количество просмотров: 116