Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери массалык түрдө иштен кетип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган оорукананын бардык медициналык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
«Алар жеке коргоо каражаттары (беткаптар, респираторлор, коргоо костюмдары, бир жолку халаттар) менен толук кандуу камсыздалды»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Жалал-Абаддагы медиктерге кошумча жеке коргоо каражаттарын жөнөтүү маселеси каралып жатканы айтылды.