Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, массалык талап-тоноочулуктардын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн жумуштарга ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө.
«Элдик кошуундун өкүлдөрүмилиция кызматкерлери менен катар инструктаж өткөрүлүп, топтолгон жарандар болсо таратуу керектиги жеткирилүүдө. Тиешелүү тапшырмаларды алышкан соң бөлүнгөн аймактарында аба ырайынын өзгөрүүсүнө карабай кызмат өтөп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.