• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда унаа чуңкурга түшүп, 4 киши жаракат алды

4 Тогуздун айы 202116:57 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда унаа чуңкурга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек унаа жолунун 262-чакырымында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай чуңкурга түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 7 адам болгон, алардын ичинен 4 киши ар кандай жаракат алышкан. Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүшүп беришти.

Количество просмотров: 348