• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата театр фестивалы өтөт

23 Аяк оона 2019 16:06 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында КР эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эл аралык театр фестивалынын катышуучулары бүгүн Ош шаарына учуп келишкен.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, жергиликтүү маданият кызматкерлери менен биргеликте Жамал Сейдакматова баштаган делегациянын курамы менен жолугушкан.

Айта кетсек, ушул жумада Ошто Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы өтөт. Анын алкагында 23-27-сентябрь күндөрү С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында, Бабур атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында, Кыргызстан кинотеатрында түрдүү спектаклдар коюлат.

Фестивалдын ачылышы эртең, 24-сентябрда саат 9:30да Ош улуттук драма театрында башталат.

Количество просмотров: 83