• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаманкулов: Өлкөдө 170 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

16 Чын куран 2020 17:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө өлкөдө 170 миң 16 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында маданият, маалымат жаан туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Ал мындан мурдараак мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана кайрымдуулук фонддор биргеликте «Жардам штабы» түзгөнүн айтып, алардын аткарган иши тууралуу айтып берди.

«Кыргызстан боюнча 359 миң 703 аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Бишкекте 49 миң 47 аз камсыз болгон үй-бүлө болуп, анын ичинен 34 миң 106 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Калгандарына да жардам жеткирилет. Ош шаарында 27 миң 778 аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Анын ичинен 7 миң 235 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди», — деди ал.

Анын айтымында, Чүй облусунда 52 миң 21 муктаж үй-бүлө болсо, анын 29 миң 153үнө жардам көрсөтүлгөн. Ош облусунда 54 миң 194 муктаж бүлөнүн 38 миң 405и азык-түлүк менен камсыз болгон.

Ошондой эле Баткен облусунда аз камсыз болгон 26 миң 641 үй-бүлөнүн 7 миң 654үнө азык-түлүк берилген.

«Жалал-Абад облусунда 66 миң 20 муктаж үй-бүлө болсо, анын ичинен 25 миң 397 үй-бүлө азык-түлүк алды. Нарын облусунда 23 миң 966 үй-бүлөнүн ичинен 5 миң 249уна жардам берилди. Талас облусунда 15 миң 68 аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, анын ичинен 6 миң 623 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Ысык-Көл облусунда 44 миң 968 үй-бүлөнүн ичинен 16 миң 195 үй-бүлө жардам алды», — деди ал.

Количество просмотров: 118