Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу маалымат берди.
ЖАМКтын маалыматы боюнча, Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлган. Ал 24-июлда жазасын өтөп жаткан №19 абактан №47 түзөтүү мекемесине «Тез жардам» менен жеткирилип концентраторго жаткырылган.
«Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кислороддук концентратордун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июль эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кислороддук концентраторду өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.