Кыргызстанда камакта отургандардын саны 9,6 миң адамды түзүп, алардын ичинен өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 340. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын башчысы Бакыт Термечиков билдирди.
“Бүгүнкү күндө 5,3 миң киши түзөтүү мекемелеринде, 1 миң 700 киши тергөө абагында кармалууда. Ошондой эле жатак абагындагылардын саны 2,5 миңге жетет алардын ичинен өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 340 кишини түзөт. Экстремизм боюнча 400дөн ашык киши жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алардын ичинен алтоо – аял киши», — деди Термечиков.