• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖАМК Салянованын ден-соолугунун начарлашы тууралуу маалыматты четке какты

31 Теке 2019 13:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ден-соолугунун начарлашы тууралуу маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалган Салянова ооруканага жатып дарыланууга муктаж эмес жана абалы канааттандыраарлык. Андан тышкары, ЖАМКнын дарыгерлери менен операция кылуу боюнча маектешүү болгон, бирок Салянова Кыргызстандын шартында операциядан баш тарткан.

Эске салсак, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, ден-соолугуна байланыштуу  15-июнда ооруканага которулган. Бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Учурда ал Бишкектеги  №1 тергөө абагында отурат.

Количество просмотров: 34