• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаров: «Облустарды ар өлкөгө бөлүштүрүп берели дегидей мен келесоо эмесмин»

3 Жалган куран 20199:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.03.2019. Govori.TV

Депутат Акылбек Жапаров өлкөдөгү облустарды башкаруу үчүн өнүккөн өлкөлөргө бөлүштүрүп берүүнү сунуштады деген маалымат интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылды. Бул боюнча эл өкүлү түшүндүрмө берип, анын бир сааттык интервьюсунун болгону эки мүнөттүк жери гана контексттен суурулуп интернетке жарыяланып кеткенин айтты. Ал чынында сөзүнүн мааниси эмне жөнүндө болгонуна токтолду.

Эл өкүлү акыркы 26 жылда Кыргызстан 2 млрд 774 млн доллар грант алып, бирок ал каражат эффективдүү колдонулбай калган дейт. Болгону көзгө илинерлик бир нече долбоорлор ишке ашкан: Бишкек жана Ош шаарларында курулган чоң ооруканалар жана мамлекет башчылары салып берген мектептер.

Каражат бүт тармакка кичинеден кете берген. Бир регионго барып, ооруканага бир жабдык коюп коюшат, башкасына барып билим берүү тармагына жардам беришет. Дагы башка аймакка жол курумуш болуп калышат. Ушинтип эле келген грант ар кайсы жерге кичинеден берилип же көзгө көрүнбөй, же артында из калган эмес“, – дейт Жапаров.

Депутат гранттан келген акчанын көбү семинар-тренингдерге, ар кандай китептерди чыгарууга, бейөкмөт уюмдар менен тегерек столдорго, кофе-брейк, эң башкысы командировкаларга кеткен деп кейийт. Ошондуктан ири донорлордон келген акчаны сарамжалдуу пайдалануу үчүн жалпы регионго себелебей, бирден облуска байлап койсо дейт. Мисалы, эң көп грант келген ($661 млн ) Орусияны Чүйгө, Азия өнүктүрүү банкын Ошко, ЮСАИДди Баткенге, Евросоюзду Нарынга.

Донорлордон силер грантты конкреттүү бир облуска бергиле деп өтүнсөк. Алар ошол облустун бардык тармагына жардам берсин: билим берүү, жол, саламатыкты сактоо, завод-фабрика, бизнес курганга. Ошентип финансылык институттардан келген каражатты бирден облуска берели деп жатам. Аларды башкарганга же ошол өлкөгө берип салалы дегидей мен келесоо эмесмин“, – дейт Жапаров.

Ал желек боюнча чоң акча кайсыл өлкө же донордон келсе, эл билип туруусу үчүн ошонун туусу Кыргызстандын желеги менен кошо илинсе деген ойдо айтканмын деп кошумчалады.

Булак: “Калыс Медиа”

Теги:
Количество просмотров: 39