• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жараксыз жаңы “тез жардам”… Министр Т. Батыралиевдин отставкасы талап кылынууда…

14 Бирдин айы 2018 14:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV
“Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев баасы 1,18 миллион еврого алынып келинген, техникалык шарттарга тендердеги талаптарга туура келбеген 18 тез жардам унаасы үчүн жооп бериши керек. Президент коррупцияга каршы күрөштүн ушундан баштасын!”
Мындай пикирди социалдык тармактардын бирине Ася Турарбековна аттуу  жаран жазып чыкты. Ал белгилегендей, мынчалык ири суммадагы унаалар министрдин колу, катышуусуз сатылып алынмак эмес. “Бул боюнча азыр баардык ММКлар жазып, бул корррупциялык фактыны аныкташы керек. Министр баарын азыр кол алдындагыларга оодарууга аракет жасап жатат”,-дейт ал.
Бул кабар ММКларга чыкканы соцтүйүндөрдө катуу талкуу жаралды. Көпчүлүк жарандар бул үчүн министр кызматынан кетиши керек деп эсептешет.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги болсо бул унаалар Германия Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен  2017-жылдын 8-ноябрында Dutch Health немис компаниясынан алынып Кыргызстанга келгенин, бирок, “Хундай Портер”, “Тойота Хайс”, “Тойота Хайлюкс” унааларын өткөрүп алууда алардын тендердеги талаптарга жооп бербегени аныкталганын айтат.  “Унаалардын айрымдары талаптан узун болсо, кээ бири жапыз, кээ бирининин ичинде медициналык жабдыктары жок болуп чыгып, бул боюнча протокол түзүлгөн. Бул боюнча унааларды алып келүүчү «Аква Медтек» компаниясына жана Германия Өнүктүрүү банкына кат жолдонуп, талаптар аткарылмайын унааларды ишке берүүгө мыйзам жол бербеси айтылган. Келишим боюнча алар, качан унааларды толук жабдып, талапка жооп берген абалга келтиргенде гана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнө ишке чегерилет”,-дейт министрликтин маалымат кызматы.
Количество просмотров: 24