• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жасалма номур менен кармалган айдоочуну кандай жаза күтөт?

11 Бештин айы 2019 13:14 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери жасалма номур менен кармалган 801 айдоочу айып пул төлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин отурумда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, кармалган айдоочулардын унаасы айып короого токтотулат. Ошондой эле аларга тиешелүү чара колдонулмайынча унаалары айып короодон чыгарылбайт. Жасалма номур менен кармалган айдоочуларга 10 миң өлчөмүндө айып пул салына турганын белгиледи.

Депутат Азизбек Турсунбаев 10 миң сом айып салуу аз деп эсептейт.

«Айып пулдун өлчөмүн көтөрбөсө шаардын жарымы жасалма номур менен жүрүп калат. Көтөрүш керек. Эгерде сиздин 1012 номурлуу ак түстөгү унааңыз бар болсо, так ошондой унаага бирөө ошол номурду тагып алып, бирөөнү сүзүп кетсе кандай болот?», — деген суроо узатты.

Ы.Саркулов бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлө турганын айтып жооп берди. Ошондой эле ал жасалма номурларды айдоочулар Россиядан атайын буйрутма менен жасатып жатканын кошумчалады.

«Эгерде Кыргызстандын аймагында жасалма номурлар жасала турган болсо, сунушталган мыйзамдын негизинде 30 миңден 60 миңге чейин айып пул салынат. Ошондой эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталат», — деди ал.

Количество просмотров: 255