• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024
training of a police dog: belgian shepherd malinois

Жаш балага кол салган иттин ээси изделүүдө. Мэрия жардам сурайт

5 Чын куран 2021 10:33 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 4-апрелде Бишкектин вицэ-мэри Айжан Чыныбаева 1-апрелде борбор калаада балага кол салган ит боюнча кеңешме өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, иттин ээси табыла элек.

“Аталган окуяга күбө болгондор балага кол салган иттин ээси тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү суранабыз. “102” кызматына, 0500 43 28 15 жана 0312 37-01-73 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия иттердин ээсине кутурма оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп, коомдук жайларда итке тумшук кап кийгизүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 1-апрелде шаардагы балдар ооруканасынын травматология бөлүмүнө иттен жабыркаган 12 жаштагы бала жаткырылган. Окуя боюнча иш козголгон.

Теги:
Количество просмотров: 944