• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Жеңил унаа менен автобус кагышкан кырсыкта 17 жаштагы 4 адам каза болду

10 Аяк оона 2019 11:45 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 9-сентярбда Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жеңил унаа менен автобус кагышкан жол кырсыгында каза болгондордун өздүгү такталды.

Маалым болгондой, кырсыктан жеңил унаанын ичиндеги 17 жаштагы Б.Б., К.А., Ж.Э., А.Б., аттуу жарандар каза болгон.

Ал эми автобустагы 30 жаштагы 1 эркек адам, 3 аял киши (59 жаштагы Б.Г., 20 жаштагы А.кызы Н., 21 жаштагы Т.Б.) жана 3 жаш кыз (15 жаштагы эки кыз Ж.Н., Э.А., жана 9 жаштагы М.Н.) жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 477