• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖЭБ боюнча кылмыш ишине айыпталгандар соттолушту

22 Үчтүн айы 2019 23:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Бүгүн, 22-январда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБдеги тендерге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттун өкүмү чыкты.

Ага ылайык, айыпталуучулар 6 жылдан 7 жарым жылга чейин эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгү, 205-берененин 3-бөлүгү, 43-берененин 2-3-бөлүгү боюнча айыпталуучулар күнөөлүү деп табылды.

«Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 7 жыл 6 айга, «Аймар Энержи» компаниясынын жетекчиси Темирбек Ниязов 7 жылга, аталган компаниянын кызматкери Канат Деркембаев 6 жылга, мурдагы техникалык директор Алмазбек Жусупбеков 7 жылга кесилди. Канат Деркембаев сот залынан камакка алынды. “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун доо арызы канааттандырылды. Соттолуучулардан аталган мекеменин пайдасына 6 миллион 683 миң 28 сом өндүрүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 29