Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV
КР президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Элчилик жана консулдуктардын жетекчилери менен жолугушууда чет өлкөгө командировкага чыккан чиновниктерге нааразы болду.
«Иштешпейт, өздөрүнчө эле турист. Чыгып жатасыңарбы, чай ичкенден тышкары иштеп да келгиле да. Тажрыйба топтош керек, отчет даярдаш керек», — деди өлкө башчы.
Жээнбеков абалга көз салып турууну тышкы иштер министрине тапшырды.
Эске салсак, жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышууда.