• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Гүлбара Калиева менен сот тармагын жакшыртуу чараларын талкуулады

27 Аяк оона 2019 17:26 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдөгү сот системасын мындан ары жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана сот акыйкаттыгын камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоодо сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуунун өзгөчө зарылчылыгын белгиледи.

«Жүрүп жаткан реформалардын түпкү максаты өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системаны куруу болуп саналат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын негизги багыттары жана ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берди.

Ал Программа биринчи кезекте өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлигин түзүү, жарандардын укуктары жана эркиндиктерин сотто коргоо кепилдигин камсыздоо, адилеттүү соттун жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Судьялар курамын окутуу жана ар дайым кесиптик квалификациясын жогорулатуу, алардын ишмердигинин натыйжалуулугу жана ачыктыгы, сот коллегияларынын курамын максаттуу бөлүштүрүү жана сот органдарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Количество просмотров: 35